28

Февраль

2023

Жалал-Абад облусунда көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен 1-марттан 1-июнга чеийн көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды.

Анда облус аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу   иш-аракеттери колго алынмакчы. Ага катар дарак көчөттөрүн отургузуу, коомдук жайларды, жол жээктерин таштандылардан арылтуу, негизги жана ички сел каналдарды тазалоо жумуштары милдеттендирилген.

Үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү үчүн облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган штаб түзүлгөн.