17
Март
Минкаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына болгон (Россия Федерациясы) жумуш сапарынын алкагында Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын, тагыраагы эмгек рыногунда жана туризмде санариптик мамлекеттик башкаруу долбоорлорун ишке ашыруу, республиканын транспорт тармагын санариптик трансформациялоону талкуулашты.
Белгилей кетсек, жолугушуу Кыргыз Республикасынын делегациясынын бүгүн Москвада өткөрүлгөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышуусунун алкагында өттү.