19
Март
2023
Мыйзамсыз иш-аракетке бөгөт коюлат
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу мунапыска ылайык келбеген айыл чарба багытындагы жалпы аянты 44 гектарды түзгөн жерде мыйзамсыз курулуш орун алган. Тактап айтканда, К. аттуу жаран трансформация жасатып берем деп алдамчылык жол менен үлүш жер ээлеринен ишеним каттын негизинде алып, учурда аталган жер тилкесине мыйзамсыз түрдө 4 үйдүн пайдубалы куюлуп, 98 электр мамычасы орнотулуп, анын 30у электр линиясына туташтырылган. Ошондой эле, болжол менен 300 машине шагыл төгүлүп, 2 чакырымга жакын жолго төшөлгөн. Кошумчалай кетчү жагдай, мыйзамсыз курулуш орун алган жер тилкесинде жайгашкан 3 гектар алма бактын да сугат тутумуна атайылап бөгөт коюлуп, сугарууга мүмкүн болбой калгандыктан, жерди ижарага алып иштетип жаткан дыйкандар зыян тартышкан. Бүгүнкү күндө жогорудагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев бүгүн, 19-мартта Аламүдүн районунун акими, айыл өкмөт башчысы, Чүй облустук ИИББнин, архитектура башкармалыгынын, "Кадастр" МИ Аламүдүн райондук филиалынын жана РЭСтин башчылары менен жеринде көчмө жыйын өткөрүп, аталган мыйзамсыз курулуштарды жоюу тапшырмасын берди.
Жыйынтыгында облус башчысынын тапшырмасы менен керектүү техникалар тартылып, орнотулган мамычалар жана жолго төшөлгөн шагылдар алдырылууда.
Ошондой эле, К.Джумагазиев облустук ИИББне бул мыйзамсыз иш-аракетке тиешеси бар бардык жактарга тез арада укуктук баа берүүнү тапшырды.