15
Февраль
2023
Советтик жоокерлердин Афган согушунан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы өткөрүлдү
Бүгүн, 15-февралда советтик аскерлердин Афганистандан толук чыгарылышынын 34 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш чарага Кыргыз республикасынын Президентинин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова катышты.
Алгач салт болуп калгандай Талас шаарынын борбордук эс алуу паркындагы Афган согушунда курман болгон жоокерлерге арналган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп аза күтүү минутасы жарыяланып аскердик залп атылды.
Кыргыз республикасынын Президентинин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова өз сөзүндө :«Афган согушунун ардагерлеринин коому» коомдук уюму согуштун ардагерлерин бириктирип, алардын куралдаштарын колдоо боюнча бир топ иштерди аткарып, патриоттук иштерди жүргүзүп, жаш муундарды Ата-Мекенди коргоочуларды тарбиялап, жаштарды тарбиялоодо патриоттуулукка чакырышып дух беришүүдө.Жоокерлер-интернационалисттерге, бардык согуштардын жана куралдуу кагылыштардын ардагерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына бакыт-таалай, бакубатчылык, ден соолук, облусубуздун жана Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жасаган иштерине ийгиликтерди каалайм" -деди.
Коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн бир нече Афган согушунун ардагерлерине "Ардак грамоталар" жана сыйлыктар тапшырылды. Иш чара концерттик программа менен коштолду.