24
Март
2023
Кемин жана Чүй райондору жаңы сугатка толук даяр
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 24-мартта Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев менен биргеликте КР Айыл чарба министри А.Жаныбеков Чүй облусунун Кемин жана Чүй райондорунун ирригация тутумун, анын ичинде ички каналдардын жаңы сугат мезгилине даярдыгын текшеришти. Ошондой эле, жетекчилер Кемин районундагы ОЧК-2 каналынын долбоору менен таанышып, Кемин районунун Боролдой айыл аймагындагы Р1, Р2, Р3, Жаңы-Алыш айыл аймагындагы “Сарбос” каналдарынын даярдыктарын көрүштү.
— Боролдой каналынын узундугу 12 чакырым. Жалпы 56 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү ( 50млн сом АРИС уюму аркылуу, 6млн сом – жергиликтүү бюджеттен каржыланган). Аталган канал 3 айыл аймактын айдоо жерлерин (2000 гектардан ашык) сугат суусу менен камсыздайт;
— “Сарбос” чарба аралык каналы 1978-жылы курулуп, канал 2862 гектар айдоо жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 8млн 266миң сом бөлүнүп, каналды бетондоо иштери жүрүүдө, иш 2023-жылдын 10-апрелинде аяктайт.
Ошондой эле, облус башчысы К.Джумагазиев жана министр А.Жаныбеков Чүй районунун чарбалык каналдарынын абалы жана Кегети айыл аймагындагы “Дөң” каналын бетондоо иштерин жеринде такташты.
— Анын ичинде “Осмон” чарба аралык каналын бетондоо иштерине 3 млн АКШ долларын түзгөн долбоор өттү. Жакын арада иш башталмакчы. Ал эми каналдын узундугу 22600 чакырымды түзөт. Канал толук ишке берилгенден кийин жалпы 8 миң гектар айдоо жерлерин сугат суусу менен камсыздай алат;
— Узундугу 2 км 800м түзгөн Кегети айыл аймагындагы “Дөң” каналын бетондоо үчүн республикалык бюджеттен 19млн 38миң сом каражат бөлүнүп, бүгүнкү күндө 2 км 360 м аяктап калды. Жакын арада ишке берилчү бул канал 2420 гектар айдоо жерин сугат суусу менен камсыздайт.
Жалпысынан жетекчилер бүгүнкү күнгө карата Кемин жана Чүй райондорунун ирригация тутуму жаңы сугат мезгилине толук даяр деген баа беришти.