27
Март
2023
Ысык-Ата: Калк саламаттыгына камкордук
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов Ивановка айылындагы төрөт үйүндө жүрүп жаткан оңдоо иштерин жеринен барып көрдү.
Аталган төрөт үйү Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун каржылык колдоосу менен 3 миллион сомго толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат.
Ошону менен бирге эле район башчысы Ивановка айылындагы оорукананын, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жүргүзүп жаткан иштери менен таанышты. Жакынкы аралыкта ооруканага жаңы УЗИ-УДИ аппараттары коюлат. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысы Алмазбек Назарбек уулу маалымдады.