28

Март

2023

Облус башчысы “Ак-Жол” өткөрүү пунктунда

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагына болгон иш сапарында айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүздү.
Ошондой эле, облус башчысы Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын коңшу Казакстан Республикасы менен чектеш жайгашкан “Ак-Жол” өткөрүү пунктуна да барып, өлкөбүзгө кире бериш жердин жалпы санитардык абалы, айланасын көрктөндүрүү багытында жүргүзүлгөн иштер канааттандырарлык эмес деген баа берди.