29

Март

2023

Октябрь айылында суу мунарасы ишке берилди

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен жаңы суу мунарасы ишке берилди.
Объекттин ачылыш аземине Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев катышты. Өз сөзүндө облус жетекчиси калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында өлкө башчыбыз С.Н.Жапаров тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилгендигин баса белгилеп, аталган тапшырмаларды аткаруу максатында облус аймагында бүгүнкү күндө дагы көптөгөн долбоорлор ишке ашып жаткандыгын билдирди.
Суу мунарасынын долбоорунун жалпы суммасы 4,2 млн сомду түзүп, Октябрь айылынын 8080 тургунун таза суу менен камсыздайт.