30

Март

2023

Ысык-Ата районунда эки чакан ГЭС курулууда

Ысык-Ата районунда курулуп жаткан чакан ГЭСтердин ишин көрүү үчүн райондун акими Алмазбек Осмонов жеринен барып, курулуш процесси менен таанышты.
Тактай кетсек, буга чейин “Сапат-Электро КТ” жоопкерчилиги чектелген коому менен Ысык-Ата, Нурманбет, Красная-Речка айыл өкмөттөрүнүн ортосунда эки чакан ГЭСтин курулушу боюнча келишим түзүлгөн. Азыркы учурда биринчи объекттин курулуш иштери 50 пайызга аткарылган. Кубаттуулугу 2 мегаВатты түзгөн чакан ГЭСти май-июнь айларында ишке берилүүсү күтүлүүдө.
Ал эми, экинчи объекттин кубаттуулугу 4,0 мегаВатты түзмөкчү.