31

Март

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.   

- Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум; 

- Кыргызстан-Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум; 

- Кыргыз Республикасынын – КЭР СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу; 

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен КЭР СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протоколу; 

- Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу; 

- “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.