31
Март
2023
Мыйзамсыз жер басууга, үй курууга жол берилбейт
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы Ново-Покровка айыл өкмөтүнө караштуу Рухий-Мурас жаңы конушуна милициянын көчмө кабылдамасы менен барып, жашоочулар менен жолугушуп, мыйзамсыз жерди басып алуу, мыйзамсыз үйлөрдү курууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошону менен катар эле жашоочулардын көйгөйлүү маселерин угушуп, уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.