06
Апрель
2023
Чүй: Жаңы кадрлар, жаңы багыт…
Бүгүн, 6-апрелде Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин төрагалыгы астында жыйын болуп өттү. Күн тартибине бир нече маселелер коюлуп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышы тууралуу талкуу болду. Облустук түзүмдөрдүн жетекчилери келип түшкөн жарлыктардын аткарылышы тууралуу маалымат беришти. Облус башчысы жетекчилерге Президенттин жарлыктарынын кынтыксыз, өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыздоону талап кылды. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” №109-Жарлыгына ылайык, тиешелүү түзүмдөргө жер басып алуу фактыларына дыкат көңүл буруп, алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Чүй облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында маселелер каралып, бир катар пландарды ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди. Жалпы облус аймагында тазалыкты сактоону, оорукана, мектептердин санитардык абалына көңүл буруу баса белгиледи.
Жакын арада бардык тармактардын ардагер өкүлдөрүн камтыган облустук ардагерлер кеңешин түзүү мерчемделди.
Айрым облустук түзүмдөрдөгү кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, кызмат ордуна жаңы дайындалган жетекчилер тааныштырылды. Алар:
- КР Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Жакыпбеков;
- Чүй облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Э.Өмүралиев;
- Монополияга каршы кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Ф.Чекебаев;
- Чүй облустук бириккен ооруканасынын башчысы Н.Матаипов;
- КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Чүй облусу боюнча өкүлү З.Өмүрзак уулу;
- Чүй облусунун казысы А.Чыныбеков.