08

Апрель

2023

Дыйкандар сугат суусу менен толук камсыздалат

Бүгүн, 8-апрелде Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин төрагалыгы астында, облустук жана райондук суу чарба башкармалыктардын жетекчилери менен жыйын болуп өттү. Жыйында облус башчысы Чүй облусунун ирригация тутумунун жаңы сугат мезгилине даярдыгы боюнча маалымат угуп, облустун сугат тармагын жакшыртуу, дыйкандарды сугат суусу менен толук кандуу камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, К.Джумагазиев суу чарба башкармалыктарынын башчыларына БСРлерди (суткалык жөнгө салуу бассейни) жана БДРлерди (декадалык жөнгө салуу бассейни) куруу Чүй облусунун ирригация тармагындагы бардык көйгөйлөрдү чечүүдө бүгүнкү күндүн негизги талабы экендигин, тез арада ылайыктуу жер тилкелерин караштырып, мыйзамдаштыруу зарылчылыгын баса белгиледи. Облус жетекчисинин айтымында, бассейндерди куруу боюнча долбоорлор ишке ашса, келечекте облус аймагындагы суу жетпеген кайрак жерлерди дагы толук кандуу сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.