10
Апрель
Быйыл Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленет
КРнын Мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин туулгандыгынын 90 жылдыгын белгилөө боюнча Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы чыккан.
Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата иш чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык жана облустук уюштуруу комитеттери түзүлгөн.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атайын буйругу чыгып, иш-чаралар планы түзүлүп, бүгүнкү күндө билим берүү, маданият мекемелеринде жана массалык маалымат каражаттарында ишмердин өмүрү,эмгек жолу боюнча иш чаралар өткөрүлүүдө.
Учурда Баткен облусунун район шаарларында “Эл баатыры” А.Масалиевдин 90 жылдык мааракесине карата баннерлер илинген.
Белгилей кетсек бүгүн 10-апрель Улуу инсандын туулган күнү.
Кыргыз Эл баатыры Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылында төрөлгөн.
Ал катардагы жумушчудан, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы кызматына чейин жеткен.
Кыргызстан эгемендик алган кыйын кезеңде эл башкарган. СССРдин Жогорку Советинин жана Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон.
2004-жылы 71 жашында көз жумган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы