11

Апрель

2023

Баткенде 243 үй-бүлөгө 100миң сомдон социалдык жардам тапшырылды 

"Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында,бүгүн 11-апрелде Баткен районунун жана Баткен шаарынын 243 үй-бүлөсүнө   100миң сомдук сертификаттар  тапшырылды.

Мамлекеттик бул долбоордун максаты,аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгуусуна түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өз сөзүндө социалдык жардам алуучулар,эгер ушул каражатты максаттуу пайдаланып, ишкердигин ийгиликтүү ишке ашырып,аны өнүктүрүүнү кааласа, дагы да ар тараптуу колдоолор болоорун белгиледи. 

Белгилей кетсек, бул долбоордун алкагында  быйылкы жыл ичинде  Баткен облусу боюнча  1097 үй-бүлөгө 100 миң сомдук социалдык жардам берүү каралган. Учурда анын ичинен 536 үй-бүлөгө берилди. 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы