12

Апрель

2023

Бүргөндү массивиндеги газ кампаны иштетүү боюнча кыргыз-өзбек жолугушуусу өттү

Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү аймагындагы  жер астында жайгашкан  газ кампасын  калыбына келтирүү, Өзбекстан менен биргелешип пайдалануу максатында эки мамлекеттин ведомстволор аралык жумушчу тобу 10-апрелде Кадамжай районунда жолугушту. 

Жолугушуга Кыргыз тараптан Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, «Кыргызтранснефтегаз»  мамлекеттик мекемесинин директору Сүйүнтбек Аликеев баштаган жумушчу топ катышты.  

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылдын март  айында Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон иш сапарында эки өлкөнүнүн Энергетика министрликтери Кыргызстандын  менчигинде турган газ кампаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн изилдөө, калыбына келтирүү долбоорун даярдоо боюнча документке кол коюшкан.  

Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги жер астындагы газ кампа Кыргызстандын Энергетика Министрлигинин алдындагы «Кыргызтранснефтегаз»  мамлекеттик мекемесинин карамагында. 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым уккутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы