12

Апрель

2023

Кайрымдуулук айынын алкагында 61 балага жардам берилди

Ыйык Орозо айы Баткен облусунда “Кайрымдуулук” айы деп жарыяланган. Бул боюнча КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыккан. 

Ага ылайык жер-жерлерде муктаждарга жардам көрсөтүү иш чаралары жүрүүдө. 

“Кайрымдуулук” айынын алкагында жергиликтүү бийлик “Баткен Ыйман Нуру”  коомдук фонду менен биргеликте  Баткен шаарында кайрымдуулук иш чарасын уюштурду.  

Иш чарада  ата-энесинен ажыраган 61 балага  окуу куралдары жана акчалай жардам берилди. 

Аны менен катар ата-энесинен ажыраган үч балага өкүл ата, өкүл эне дайындалып, сертификаттар тапшырылды. Алар мындан ары  балдарды өз камкордугуна алышат.  

Иш чаранын жүрүшүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, буга чейин өкүл ата, өкүл эне болуп, балдарды камкордукка алып келген жарандарга, облус башчысынын Ыраазычылык каттарын  тапшырды. 

Ошондой эле Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан “Баткен Ыйман Нуру” коомдук фондуна акча каражаты берилди. 


Кайрымдуулук иш чаралары мындан ары да улантылат.


КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым уккутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы