13

Апрель

2023

Облус башчысы Чүй эли менен жолугууда

2023-жылдын 11-апрелинен тартып, 15-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин Чүй облусунун эли менен жолугушуусу өтөт.
Белгиленген графикке ылайык, 11-апрелде облус башчысы Жайыл, Панфилов, Москва райондорунун тургундары менен, ал эми 12-апрелде Кемин, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын эли менен жолукту. Жолугушууда калк тарабынан жерди мыйзамдаштыруу, таза суу, жайыт, сүттүн баасын көтөрүү, бир катар юридикалык жана социалдык маселелер көтөрүлүп, суроолор берилди. Жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин айрымдары жеринде дароо чечилип жатты. Ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырма берилип, элдин көйгөйлөрүнүн чечилишин кечеңдетпей тез арада камсыздоо тапшырылды. Президент С.Н.Жапаровдун негизги талаптарынын бири болгон калкты жумуш менен камсыздоо боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине жер-жерлерде чакан жана ири ишканаларды куруу үчүн ылайыктуу жер тилкелерин караштырып, мыйзамга ылайык келтирүүнү тапшырды. Мындан тышкары ар бир айылда парк ачуу, тазалыкты сактоо, таза суу, сугат суу, жарыктандыруу жана жол маселелерин чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле облус башчысы К.Джумагазиев тургундарга суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин куруу, мектеп, бала бакча, ФАП имараттарынын жетишсиздигин жоюу, облустук ардагерлер кеңешин түзүү, коопсуздукту камсыздоо максатында көчөлөргө видеокамераларды орнотуу сыяктуу жакынкы келечекте ишке ашчу пландар тууралуу маалымат берди.