13

Апрель

2023

Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүгө  11 млн АКШ доллары жумшалат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашевди жана АгроВей компаниясынын жетекчиси Кайыркуль Казылаеваны кабыл алды. 

АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган чоң программанын  айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорун ишке ашырат. 

Алгач AgroWay компаниясы  аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына комплекстүү изилдөө жүргүзөт. 

Баалоонун жыйынтыгы менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары тандалып, долбоор ишке ашат. 

Долбоордун алкагында 11 млн АКШ доллары  Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. 

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Банк Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50млн доллар  бөлгөн.

Тараптар жолугушууда Баткен облусунун климаттык шартын, жарандардын турмуштук абалын эске алуу менен, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын талкуулашты. 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы