18
Апрель
Баткенде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окутуудан өтүүдө
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен облус аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуудан өтүүдө.
Беш күндүк окутууга облустун район-шаар, айыл өкмөттөрүнөн чогулган 30 кызматкер катышууда.
Алар бизнес- план даярдоо, долбоорлорду ишке ашыруу жана ага анализ жүргүзүү боюнча кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров бул окутуунун максаты- кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатуу менен аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу экенин белгилеп, кызматкерлерге ийгилик каалады.
Бул окутуу Баткен облусунун райондорунда жана шаарларында эң келечектүү, эффективдүү, кирешелүү долбоорлорду жеринде тандап алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле муниципалдык кызматкерлердин долбоорлорду тандоо жана талдоо боюнча көндүмдөрүн жогорулатат.
Бизнес-план түзүү долбоорлорду иштеп чыгууда тобокелдиктерге баа берүүгө, каржылык эффективдүүлүктү жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Окутууну КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Жаш ишкерлер ассоциациасы менен (ЖИА) биргеликте уюштурууда.
КРнын Прездентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы