23

Апрель

2023

Баткенде волейбол боюнча облус башчысынын кубогу  өтүүдө

КРнын Президентинин “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында,бүгүн  23-апрелде Баткен шаарында волейбол боюнча облустук мелдеш башталды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн спорттун волейбол түрү боюнча кубогуна жалпы 25 команда катышууда

Волейбол оюну эркектер жана аялдар арасында өтүп жатат.

Мелдештин максаты облус элинин ынтымагын,биримдигин чыңдоо,коомчулукту

сергек жашоого үндөө.

Мелдештин салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөгөн Абдикарим Алимбаев "Спорт- чың ден соолуктун, сергек жашоонун булагы.  Спорт – бул тынчтыктын тиреги, 

ынтымактын, ийгиликтин башаты.

Мелдештин жыйынтыгы ар бириңиздерге кубаныч жана канааттануу сезимин тартууласын" деп белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Ыйгарым укуктуу өкүл аймактагы  спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар спорт ардагерлерине   ыраазычылык каттарын тапшырды.

Салтанаттын жүрүшүндө көпчүлүктүн колдоосу менен  Баткен облусунун волейбол федерациясынын президенти болуп Алмазбек Шагамурзаев  дайындалды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы