24

Апрель

2023

Эдил Байсалов Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу аземге Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков баштаган делегациясы, ошондой эле “Түрксой” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев катышты.

МинКаб Төрагасынын орун басары театрды реконструкциялоо чечими Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен кабыл алынганын белгиледи.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ардактуу конокторду ыраазычылык сөзү менен куттуктап, театрдын ачылышы эки мамлекеттин башчыларынын өз ара түшүнүшүү менен уланган достук мамилесинин жана бекем саясий эркинин натыйжасында эки боордош элдин мамилелери жаңы бийиктикке көтөрүлүп олтурганын кошумчалады. 

“Биздин байыркы элдерди туугандык жана жакындык байланыштар байланыштырып турат. Бүгүнкү күндө биздин урматтуу президенттерибиз Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев интенсивдүү өнүгүүнүн жана терең өз ара социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык интеграциянын багытын белгилешти. Биргеликте маданиятыбызды жана экономикабызды байытуу аркылуу биз жалпы маданиятыбызды, тилибизди жана өзгөчөлүгүбүздү коргоп тим болбостон, дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлеген, өнүккөн мамлекеттерди кура алабыз”, - деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, театрды реконструкциялоо иштери 2021-жылдын 5-сентябрында башталып, ушул жылдын апрель айында аяктаган.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү долбоорго жалпысынан 5 млн АКШ долларын бөлгөн.