28
Апрель
Баткенде туризмди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форум өтүүдө
Бүгүн 28-апрелде Баткен шаарында Туристтик “ITBE” көргөзмөсү,
“Айгүл-Тоо”,
“Баткен күрүчү”,
“Көчмөндөрдүн тамак ашы” аттуу фестивалдары,
кол өнөрчүлөрдүн “Кыргыз килеми” эл аралык жарманкеси,
“Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, “Мадыген” геопаркынын өнүгүшүн илгерилетип, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошуу боюнча биргелешкен аракеттер” аттуу эл аралык туристтик форуму өтүүдө.
Бул чоң иш чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, министрлер катышты.
Өлкөнүн бардык аймактарынан келген уз чеберлер, кол өнөрчүлөр, ишкерлер өз колдорунан жаралган эмгектерин, продукцияларын көргөзмөгө коюшту.
Өзгөчө Баткен килеми менен Баткен өрүгүнөн жасалган продукциялар көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Ал эми маданият өкүлдөрү улуттук ыр бийлер менен иш чаранын көркүн ачты.
Жайкы туристтик мезгилдин башталышын утурлай уюштурулуп жаткан эл аралык иш чара, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен КРнын Туризм департаменти биргеликте, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өткөрүүдө.
Бул иш чара Фергана өрөөнүнүндөгү маданияттардын айкалышкан жайы болгон Баткен жергесин, туризмдин борборуна айлантуу максатын көздөйт.
КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы