02

Май

2023

Талас облустук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2-майда Талас облустук өнөктүү фондунун байкоочу кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү.  Отурумга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Талас облустук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы Нурлан Дарданов катышты.
Облус башчысы, Талас шаарына салынып жаткан 1000 орундуу кийим тигүүчү фабриканын курулушу кечеңдеп жатканын билдирип, курулуш иштерин жандандыруунун подряддык ишканадан талап кылды.
Өз кезегинде, подряддык ишкананын жетекчилиги курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында аяктоого убада берди.
Белгилей кетсек, Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, отурумга чейин, кийим тигүү фабрикасынын курулуш иштери менен жеринде таанышып, иштин ыргагы солгун жүрүп жатканын эскерткен.