12
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары жана Кувейт фондунун башкы директору ирригация жана транспорт тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ишке ашыруу башкармалыгынын башкы директору Абдул Аль-Мусайбих менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында Фонд аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы абалын талкуулашты.
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Фонддун транспорт тармагын өнүктүрүүгө, тагыраагы жолдорду реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында кошкон зор салымын белгиледи.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, бул “калктын жашоо деңгээлин кыйла жакшыртат”.
Өз кезегинде Абдулла Аль-Мусайбих биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде ирригация жана транспорт тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлор боюнча биргелешкен аракеттерди активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Белгилей кетсек, жолугушуу Ислам өнүктүрүү банкы тобунун башкаруучуларынын жылдык жыйынынын алкагында өттү.