13
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар тобунун кеңешинин жыл сайын өтүүчү 48-жыйынынын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар тобунун кеңешинин жыл сайын өтүүчү 48-жыйынынын расмий ачылыш аземине катышты.
Бул иш-чара “Каатчылыктардан коргонуу үчүн өнөктөштүк” темасына арналган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Джассер ИӨБдүн 2022-жылдагы негизги жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, банк ИӨБгө мүчө-өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүүнү улантаарын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын делегациясынын бул иш-чарага катышуусунун алкагында Араб координациялык тобуна кирген фонддордун жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.