13

Май

2023

Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргыз Республикасынын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү жана жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда 2023-2027-жылдардагы мезгилге Кызматташтык стратегиясын тез арада иштеп чыгуу жана кол коюу зарылдыгын баса белгилешти.

Ошондой эле, Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө (2022-жылдын 3-4-августу, Чолпон-Ата шаары) Ислам өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилген долбоорлорду кароо маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолун реконструкциялоо долбоору (IV фаза, 104,6 – 197,6 км) боюнча макулдашууга кол коюшту.

Бул долбоорго Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн каражаттын көлөмү 50,2 млн АКШ долларын түзөт.