13
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун Эл аралык өнүктүрүү фондунун башкы директору менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун Эл аралык өнүктүрүү фондунун башкы директору Абдулхамид Аль Халиф менен жолукту.
Тараптар Кыргыз Республикасындагы унаа жолдорду реконструкциялоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Анда тараптар Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда (2022-жылдын 3-4-августу, Чолпон-Ата шаары) төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун Эл аралык өнүктүрүү фондунун кароосуна сунушталган инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту.