13

Май

2023

Бакыт Төрөбаев: Президенттин тапшырмасына ылайык, мамлекет этап-этабы менен полиэтиленден экологиялык жактан таза кагазга өтөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Бишкек шаарындагы Санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу “ИФА” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасына ылайык, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү Министрлер Кабинети этап-этабы менен жүрүзөөрүн билдирди. 

“Экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарды чыгарган ишканаларга мамлекет ар тараптуу артыкчылык берет. Бул Мамлекет башчысынын тапшырмасы. Бул багытта Президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы дагы чыккан. Ысык-Көлдөгү абалды мисал катары колдонуу менен өлкөнүн баардык аймактарында желимден кагазга өтүүнү планга койгон”, - деди Бакыт Төрөбаев. 

Санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу “ИФА” ишканасы суткасына 25 тонна продукция өндүрөт. Импорттук продукция менен атаандашууга мүмкүндүк берүүчү жогорку сапаттагы кагаз базасын чыгарган ишкана макулатуранын 70%ын Россия Федерациясынан алып келет. Бир жылдык сатып алууларынын суммасы болжол менен 1 млн долларга жакын. 

Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 3 млн 200 миң доллар болсо, анын 2 млн 691 миң долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылаган.