04

Май

2023

Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү

Бүгүн, 4-майда Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектебинин жыйындар залында, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.
Облус башчысы өз куттуктоо сөзүндө: "Негизинен, Конституция Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана урматтоого багытталган. Демократиялык өнүгүү, мыйзамдуулуктун бекемделиши, адам укуктары жана эркиндиктеринин кынтыксыз сакталышын камсыздаган Баш мыйзамыбыз биз үчүн чоң сыймык жана негизги жетишкендик.Мекенибиздин өнүгүүсүнө багытталган зор максаттарды биргелешип чечип, келечектеги бакубат жашообузга чогу кадам таштайлы” деди.
Андан соң Талас облусунун прокурору Гүлмира Кашкарова жана юстиция министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын атайын өкүлү сөз сүйлөп, баш мыйзам боюнча кеңир түшүнүк берип өтүштү. Салтанаттуу иш чара Талас шаардык маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.