04

Май

2023

Нурлан Дарданов, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатына ээ болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алды

Бүгүн, 4-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, 2022-жылы социалдык долбоордун негизинде мамлекеттен 100 миң сом акча каражатын алган үй-бүлөлөрдүн  жашоо шарттары менен таанышуу  иш чарасын, Талас районундагы айылдардан баштады. Облус башчысы 100 миң сом каражат алган  үй-бүлөлөрдүн  ар биринен кабар алууну  пландаган. 
Ыйгарым укуктуу өкүл, аталган каражатка ээ болгон  адамдар менен  каражатты  кандай пайдаланып жаткандыгы  боюнча баарлашты.
Нурлан Дарданов, Талас районунун акимине жана айыл өкмөт башчыларына 100 миң сомдон каражат алган  үй-бүлөлөргө  баштаган ишин улантып кетүүсү  үчүн, ар тараптуу  жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.  
Белгилей кетсек, 2022-жылы Талас облусу боюнча 200 үй-бүлө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын алкагында социалдык жардам берүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында ишке ашып келе жаткан долбоордун алкагында, 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарына ээ болушкан.
Аталган долбоор жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү максатын көздөйт. 
Каражатка ээ болуу үчүн, аз камсыз болгон үй бүлөлөр тарабынан 100 миң сомду кандай пайдаланары боюнча долбоорлор жазылып,  алардын ичинен тандоо жүргүзүлүп атайын жобого ылайык акча каражаттары бөлүнүп берилген.