05

Май

2023

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбековичтин, Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!
 Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен ак дилимден куттуктайм!
Конституция – негизги Баш мыйзамыбыз жана өлкөдөгү туруктуулуктун, тынчтыктын жана ынтымактын кепилдиги, Мамлекетибиздин демократиялык өнүгүүсүнүн пайдубалы.
Конституция жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин кепилдейт.
Анын аркасы менен биз мамлекетибиздин өнүгүүсүндө туруктуулук, ынтымак жана бакубатчылык жолу менен алдыга ишенимдүү кадам таштап келе жатабыз.
 Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясына 1993-жылдын 5-майында кол коюлгандыгы жалпы элибизге маалым.
2021-жылдын апрелинде болгон референдумдун жыйынтыгын менен 5-майда Жаңы Конституцияга кол коюлду.
 Жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты.
Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды.
Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.
Конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституциянын негизинде  гана кабыл алынат.
 Негизинен, Конституция Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана урматтоого  багытталган. 
Демократиялык өнүгүү, мыйзамдуулуктун бекемделиши, адам укуктары жана эркиндиктеринин кынтыксыз сакталышын камсыздаган Баш мыйзамыбыз биз үчүн чоң сыймык жана негизги жетишкендик.
Мекенибиздин өнүгүүсүнө багытталган зор максаттарды биргелешип чечип, келечектеги бакубат жашообузга чогу кадам таштайлы!
Элибизде тынччылык, ынтымак-ырашкерлик бекемделе берсин!
Өлкөбүздүн келечеги кең болсун!