09
Май
2023
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун, Улуу Ата Мекендик согуштун 78 жылдык мааракеси менен куттуктоосу:
Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!
Кадырлуу калайык калк!
Бүгүн Талас жергесинде майрамдык маанай байкалып, өзгөчө салтанат өкүм сүрүп турат. Анткени кыргыз элибиз жана шериктеш өлкөлөрдөгү бир тууган улуттар сыяктуу эле, жалпы Талас эли көтөрүңкү дух, жаркын маанай менен Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78-жылдык салтанатын белгилеп жатышат.
Эгерде артка кылчайып, тарых барактарына көз жүгүрүтүп көрө турган болсок, биздин бүгүнкү келечегибиз, бейпил турмушубуз үчүн аталарыбыз кан-жанын аябай майдандарда курман болсо, ал эми энелерибиз эр азаматтардын түмөн-түйшүгүн өзүнө алып каарамандык менен тылда эмгектенишкен.
СССР курамындагы улуттар сыяктуу эле, кыргыз эли да мекен үчүн кашык каны калганча күрөшүүгө даяр экендигин билгизип майданга аттанышкан.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары, Талас облусунан фронтко 13951 адам аттанып алардан 3769 адам согуш талаасында курман болушкан. Мындан тышкары 1986 жоокерибиз дайынсыз жоголгон.
Жалпысынан Талас жергесине 8191 жоокер жеңиш менен кайтып келген. Алардын ичинен 6500 жоокер фронтто көрсөткөн эрдиктери үчүн ар кандай орден медалдар менен сыйланган.
5 адам Советтер Союзунун Баатыры деген улуу даражалуу наамга ээ болушкан. 1942-жылдын 6-августунда Воронежге жакын жердеги дон суусун кечип өтүп, өзүнүн көкүрөгү менен душмандардын ажал бүрккөн дзотун жаап Чолпонбай Түлөбердиев стратегиялык чоң чабуулга жол ачкан. Жердешибиз, бул теңдешсиз эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.
Ал эми Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев Полша үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандардын беш жолку чабуулунун мизин кайтарып, 25 фашистти жок кылып акыры душмандардын танкын жардырып өзү дам курман болгон.
Мындан тышкары Кенигсберг үчүн салгылашта жердешибиз Константин Роденко, Неман дарыясынын жээгиндеги плацдарм үчүн күрөштө Семен Сухин, Селявный айылын ээлөөгө жол ачкан Василий Петрищев сыяктуу баатыр жердешткерибиз Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болушкан.
Фронтко кеткен эр азаматтардын ордуна оорукта аялдар, жашы жетелек өспүрүмдөр, кары адамдар жана майыптар иштешкен. Алар фронтко жардам бериш үчүн ач-жылаңачтыгына, чарчап чаалыкканына карабай жан аябай эмгектенип, фронтко 5 миң түрдүү жылуу кийим, 135 тонна азык-түлүк, курал –жарак үчүн 700 миң сом акча чогултуп жөнөтүшкөн.
Согуш мезгилиндеги кыйынчылыктарга карабастан 4247 эвакуацияланган үй блөнү кабыл алып түрдүү жардамдарды көрсөткөн.
Элибиздин фронтто жана тылда көрсөткөн ушундай эрдиктери менен гана Улуу Жеңиш камсыз болгон.
Бул жеңишке урматуу аталар, апалар, ага-эжелер ар бириңиздердин жеке салымыңыздар бар. Ошондуктан сиздерге ар дайым таазим этип, Улуу Жеңшиңиздер кут болсун деп куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
Бүгүнкү күндө Улуу Жеңиштин урматына арналып жер-жерлерде спорттук мелдештер, майрамдык концерттер, ветерандар менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Бул иш чаралардын баардыгы биздин сиздерге көрсөткөн терең урматыбыз катары кабыл алып коюуңуздар.
Учурда эгемендүү эркин өлкөбүздө коомдук жана саясий өзгөрүүлөр болгондугу жалпыңыздарга маалым. .Азыр жалпы элибиз акыйкат менен адилеттүүлүктү, ынтымак менен биримдикти туу тутуп, кыргыз мамлекетинин гүлдөп өнүгүүсү үчүн жаңы багыттарга бет алып отурабыз. Биздин негизги максатыбыз жергебизге түбөлүк тынчтык менен бейкутчулукту орнотуп, жаңы эмгектик ийгиликтерди жаратуу болур эсептелет.
Урматтуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!
Сиздерди дагы бир жолу Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен куттуктап, ар бириңиздерге чың-ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана карыялык насаат берген ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксат этиңиздер!
Күнөстүү мекенибизде ар дайым тынчтык жана бейкутчулук өкүм сүрүп турсун!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ырахмат!