09

Май

2023

Улуу Ата-Мекендик согуштун 78 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 9-майда Талас облусунда  Улуу Ата-Мекендик согуштун 78 жылдыгына карата бир катар салтанаттуу иш чаралар болуп өттү.
Алгач,  Талас шаарында жайгашкан Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун  эстелигине  гүл чамбарлар коюлуп, эскерүү аземи болуп өттү.
Андан  соң, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов,  Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүнүн  чыгышынан баштап борбордук аянтка чейинки “Өлбөс полктун” жөө жүрүшүнө катышты.
 Улуу Ата-Мекендик согуштун 78 жылдыгына арналган майрамдык иш чара Капар Медетбеков атындагы Талас  облустук драма театры даярдаган  сахналаштырылган пролог   менен башталды.
Облус башчысы Нурлан Дарданов, өз куттуктоо сөзүндө:  “Бүгүн Талас жергесинде майрамдык маанай байкалып, өзгөчө салтанат өкүм сүрүп турат. Анткени кыргыз элибиз жана шериктеш өлкөлөрдөгү бир тууган улуттар сыяктуу эле, жалпы Талас эли көтөрүңкү дух, жаркын маанай менен Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78-жылдык салтанатын белгилеп жатышат. Эгерде артка кылчайып, тарых барактарына көз жүгүртүп көрө турган болсок, биздин бүгүнкү келечегибиз, бейпил турмушубуз үчүн аталарыбыз кан-жанын аябай майдандарда курман болсо, ал эми энелерибиз эр азаматтардын түмөн-түйшүгүн өзүнө алып каармандык менен тылда эмгектенишкен. СССР курамындагы улуттар сыяктуу эле, кыргыз эли да мекен үчүн кашык каны калганча күрөшүүгө даяр экендигин билгизип майданга аттанышкан”  деди.
Салтанаттуу иш чара Талас облусунун маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган  атайын концерттик программа менен жыйынтыкталды.