09

Май

2023

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Ардагерлерди 9-май Жеңиш күнүнүн 78 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов  жашаган үйлөрүнө  барып куттуктады.
 Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 98 жаштагы тургуну Араке Арстамбековго жана Манас районунун Май айылынын 93 жаштагы тургуну Александр Филькинге акчалай каражаттар жана азык-түлүктөр тапшырылды. 
Облус башчысы, ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун тапшырып өттү. 
Иш-чарада чакан концерт уюштурулуп согуш учурундагы ырлар ырдалды.