12

Май

2023

“Манас жана Чынгыз: улуттук нарк-насил, элдик таалим-тарбия жана ааламдашуу” атуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү


Бүгүн 12- майда Талас мамлекеттик университетинде, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун  95-жылдыгына карата “Манас жана Чынгыз: улуттук нарк-насил, элдик таалим-тарбия жана ааламдашуу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. 
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.
Ыйгарым Укуктуу өкүлү өз куттуктоо сөзүндө: "Адабият айдыңында дүйнөлүк атак даңкка ээ болгон Чынгыз Айтматовду чыгармачылыгынын башаты да, жазуучунун бала кезде уккан жомокторунда, элдик уламыштарда, дастандарда жана макал-лакаптарда жатат.
Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугунда «Манас" эпосун биринчи жолу укканын жазуучу төмөнкүчө эскерилген:"…Ырларга, санжыраларга, болумуштарга бай, мен туулуп-өскөн Талас өрөөнү. Бул жерден биринчи ирет манасчынын үнүн уктум. Анда он үчтө элем».
Жогорудагы   жазуучунун эскерүүсүнөн көрүнүп тургандай Айтматов, “Манас" эпосун бала кезинде эле таанып билип, өмүр жолунда “Манас" эпосун кыргыз элинин руханий байлыгынын туу чокусу катары аздектеп чыгармачылыгынын пири катары карманып өттү.
 Чынгыз Айтматов - улутубуздун руханий уңгусу, журтубуздун сыймыгы.  Анын көркөм мурасы-биздин улуу дөөлөтүбүз экенин эч ким тана албайт" деди.
Илимий практикалык конференциянын алкагында окумуштуулар тарабынан Манас эпосу менен Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын байланышы боюнча бир нече докладар окулуп,  жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына байланышкан көргөзмө уюштурулду.