12

Май

2023

Нурлан Дарданов, Манас районундагы 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатына ээ болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алды

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, 2022-жылы социалдык долбоордун негизинде мамлекеттен 100 миң сом акча каражатын алган үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттары менен таанышуу иш чарасын  Манас районунда улантты. Облус башчысы 100 миң сом каражат алган үй-бүлөлөрдүн ар биринен кабар алууну пландаган.
Ыйгарым укуктуу өкүл, аталган каражатка ээ болгон адамдар менен каражатты кандай пайдаланып жаткандыгы боюнча баарлашты. Каражатка ээ болгон үй-бүлөлөр, каражатты максаттуу пайдаланып алардын айрымдары киреше таба баштагынын билдиришти.
Жалпысынан облус башчысы каражатка ээ болгон Манас районундагы  50  үй-бүлөгө барды.
Нурлан Дарданов Манас районунун жетекчилигине жана Манас райондук  социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысына 100 миң сомдон каражат алган үй-бүлөлөргө, баштаган ишин улантып кетүүсү үчүн, ар тараптуу жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Талас облусу боюнча 200 үй-бүлө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын алкагында социалдык жардам берүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында ишке ашып келе жаткан долбоордун алкагында, 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарына ээ болушкан.
Аталган долбоор жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү максатын көздөйт.
Каражатка ээ болуу үчүн, аз камсыз болгон үй бүлөлөр тарабынан 100 миң сомду кандай пайдаланары боюнча долбоорлор жазылып, алардын ичинен тандоо жүргүзүлүп атайын жобого ылайык акча каражаттары бөлүнүп берилген.