13

Май

2023

Талас шаарынын мэри алмашты

Бүгүн, 13-майда Талас  шаардык мэриясынын жыйындар залында, Талас шаарынын жаңы жетекчиси, Талас мэриясынын аппаратынын кызматкерлерине, Талас шаардык кеңешинин депутаттарына жана  шаардык мекеме уюмдардын жетекчилерине тааныштырылды. 
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Урмат Айтбаев,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты .
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-майындагы ПТ-№83 тескемесинин негизинде Талас облусунун Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар Адылбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-майындагы ПТ-№84 тескемеси менен Джумаев Эрмат Джумаевич мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп Талас облусунун Талас шаарынын  мэри болуп дайындалды.
 Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, жаңы дайындалган Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаевди  жооптуу кызматы менен куттуктап ийгиликтерди каалады.