19
Февраль
Массалык маалымат каражаттарында ар түрдүү кайчы-пикир маалыматтардын пайда болушунан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Ата – Журтту коргоочулардын Күнү 23-февраль иш күн эмес майрам күнү болуп саналарын расмий билдирет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113- статьясына ылайык майрам күнү жалпы дем алыш күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.
Ушуга байланыштуу жумасына эки дем алыш бар (ишемби, жекшемби) беш жумуш күндүк график менен иштеген мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 25-февралы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жогоруда аталган нормасына ылайык дем алыш күн болуп эсептелинет.
Аталган норма жумасына бир дем алыш бар (ишемби) алты жумуш күндүк график менен иштеген . мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн таркатылбастыгын белгилейбиз.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү