17

Май

2023

Сүт тармагын иретке келтирүү аракеттери көрүлүүдө

Бүгүн, 17-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Дүйнөлүк Банктын Миссиясынын консультанттары Девид Ланг жана Антонио Роте менен  жолугушту.
Жолугушуу учурунда облус башчысы  сүт тармагында бааны турукташтыруу  жана сүттүн сапатын жакшыртуу жаатындагы  көрүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу  маалымат берди.
Ыйгарым укуктуу өкүл  Дүйнөлүк Банктын  миссиясынын консультанттарына,  «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору аркылуу 10 даана сүт муздаткыч танкерлерди жана сүттүн сапатын жогорулатуу үчүн атайын текшерүү аспаптарды алып бергендиги  жана малдарды  жасалма уруктандыруу, мал ээлерин окутуу, аларга  насия берүү  жаатындагы иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле,  27  сүт муздаткыч танкерлерди  сатып алуу жагын каржылап Талас облусундагы баардык айыл өкмөттөрдү  сүт муздаткыч  танкерлер менен камсыз кылуу  сунушун киргизди.
Дүйнөлүк Банктын Миссиясынын консультанттары Девид Ланг жана Антонио Роте,  ыйгарым укуктуу өкүлгө  «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорунун максаттары жана пландары боюнча кеңири маалымат берди. 
Белгилей кетсек, «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору Талас облусунда 2022-жылдын март айынан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Негизги максаты: жергиликтүү уйлардын сүттүүлүгүн жогорулатуу, мал ээлеринин, фермердин туруктуу өнүгүүсү жана кирешесин көбөйтүү болуп саналат.
Долбоор сүттүн сапатын жогорулатуу, кабыл алуучу жайларды сүт муздаткыч танкерлер жана сүттүн сапатын текшерүүчү жабдыктар менен камсыз кылуу, облустук ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо жана эл аралык аккредитациялоого даярдоо, жергиликтүү малдын тукумун жогорулатуу, тоюттандыруу боюнча алдынкы технологияларды фермерлерге үйрөтүү жана айыл өкмөттөрүндө асыл тукум урук фонддорун түзүүгө багытталган.