21
Май
2023
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун Энелер күнү менен куттуктоосу:
Кымбаттуу энелер!
Жалпыңыздарды бүгүнкү Энелер күнү менен өзүмдүн жана Талас облусунун касиеттүү элинин атынан ак дилимден куттуктайм!
Биз эзелтеден бери энелерге ыйык сезимди, терең сый-урматты ыроолоп келген элбиз. Энелер - жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту.
Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими - энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат.
Эне деген – керемет сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат. Энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Адам баласы өмүр бою эненин жылуу сөзүнө, колдоосуна жана кубаттоосуна муктаж.
Энелик мээримин төгүп, коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирем!
Урматтуу Энелер, майрамыңыздар менен! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо каалайм!