19
Апрель
2023
Кыргыз - Кытай чек арасында жүк ташып өткөрүү маселеси талкууланды
19-апрелде "Торугарт" көзөмөл өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жетектеп, Ат-Башы районунун акиминен жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринен турган топ Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу - Кыргыз автономиялык аймагынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы жүк ташып өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Эргешов өз сөзүндө эки элдин достугун бекемдөө жана экономикасын көтөрүү багытындагы иштер улантыла берээрин белгилеп, Кытай Эл Республикасынын бийлик өкүлдөрүнө иштин кызыкчылыгы үчүн ишемби жана жекшемби күндөрдү иш күн кылып берүүнү, "Арка" участогун кеңейтип асфальт төшөп жана чоң жүк ташуучу автоунаалардын токтоочу, жүк алмаштыруучу жайын кошо жасап берүүнү сунуштады. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын бажы кызматы тарабынан жүктүн аныктоочу документтерин өз убагында берүүсүн өтүнүп, туризм багытында биргелешип иш алып барууга чакырды.
“Нарын” бажысынын башчысы Б.Кожомбердиев тарабынан “Торугарт” көзөмөл өтмөгүндөгү Кыргызстандан Кытай тарапка өтө турган жүгү жок унаалардын тыгынын азайтуу, “Арка” аймагында жүк менен келген кытай платформа унааларындагы контейнерлерди кыргыз платформа унааларына жүктөө ишин жандандыруу маселелери көтөрүлдү.
Жолугушууда Кызыл-Суу - Кыргыз автономдук аймагынын элдик Өкмөтүнүн губернатору Орозалы Кашкарбай мырза Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын чек ара линиясында Кытай тараптан “Арка” участогуна чейин 4 багыттуу жол салынаарын, Кыргызстандагы “Арка” аймагын 300 метрге чейин жасоо каралганын билдирди.
Ошондой эле Кыргызстан тарап импорт, экспорт багытында электрондук кезек уюштуруп берүүсүн жана Кытай Эл Республикасынын айдоочулары үчүн виза берүү мөөнөтүн тездетип берүүнү суранды. Кыргыз Республикасынын айдоочуларына камсыздандыруу киргизилээрин белгиледи.
Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү кырдаалында жүрүп, эки тарап бири-бирине сунуштаган маселелер эки мамлекеттин өкмөтүнө жана тиешелүү органдарына билдирилүү менен тез арада жолго коюлаары макулдашылды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.