09

Июнь

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушууга катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен биргеликте Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолукту. 

Жолугушуу Россиянын Президенти Владимир Путиндин учурашуусу менен башталды.

“Сиздер менен Сочиде учурашып жатканыма кубанычтамын. Сиздерге бул жер жакты деп ишенем. Балким, араңыздарда бул жерде боло элегиңиздер болушу мүмкүн - өзгөчө Олимпиададан кийинки жаңы Сочини тартуулоо биз үчүн жагымдуу жана сиздерге таанышуу кызыктуу болду деп ойлойм”, - деди ал.

Россиянын Президенти ошондой эле мамлекеттердин өкмөттөрүнүн алдында “экономикалык, социалдык жана гуманитардык тармактарда интеграциялык процесстерди илгерилетүү боюнча чындыгында чоң жана татаал милдеттер турат”, - деп баса белгиледи.

Андан кийин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин сөз сүйлөдү.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Президентке Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, сөздү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго берди, ал кезегинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинде Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин биринчи отурумунун жыйынтыгын чыгарды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Россиянын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

“КМШ жыйынынын маанилүү окуясы болуп 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштелип чыккан Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, түзүү, иштетүү жана инвестицияларды ишке ашыруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюу болду”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен Кыргызстанда башталган ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн Экинчи жаштар форумунун өткөрүлүшү тууралуу жылуу пикирин билдирди.

Ал кошумчалагандай, соода жүгүртүүнү, инвестицияны жана экономикалык интеграцияны илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттер ата мекендик ишкерлер үчүн жаңы горизонтторду ачып, туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын КМШ органдарындагы төрагалыгынын алкагында “Шериктештиктин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындары ушул жылдын күзүндө Бишкекте өткөрүлөт”. 

“Сиздер менен меймандос кыргыз жергесинде жолугууга биз абдан кубанычтабыз”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.