20

Май

2023

Кара-Суу шаарын таза суу менен камсыздоо

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу шаарындагы таза суу менен камсыздоо, саркынды сууну тазалоочу жай жана анын техникалык базалары менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.
Кара-Суу шаарынын мэри Арстанбек Жолдошов шаардагы таза суу жана канализациянын учурдагы абалы боюнча маалымат берди. Берилген маалыматка караганда, таза  суу  жана  саркынды  сууларды  чыгаруу  системаларын  куруу  долбоордун  алкагында Кара-Суу  шаарына  22 км  водопровод  линиясы,  500 м3  резервуар,  2 даана  скважина  жана  2 даана  ТП  (трансформатор  потстанциясы)  орнотулган,  ал  эми  бүгүнкү  күндө “Уста” АК менен  башкы подрядчик  “Импульс”  ишканасы  саркынды  сууларды  топтоочу  кампаны  куруу  (очисной  сооружение)  боюнча келишим  түзүү  иштери  жүрүүдө.  
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев белгилегендей, саркынды сууларды тазалоочу жайдын куруу жана жарандарды таза жана коопсуз суу менен камсыз кылуу, ошондой эле аймактын экологиялык туруктуулугун сактоо үчүн чоң мааниге ээ. Ал бардык зарыл стандарттарга жана талаптарга ылайык жүргүзүлүп жаткан бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи. 
Мындан сырткары, бардык ишти жүргүзүп жаткан тараптарды жигердүү кызматташууга жана ишти графикке жана жогорку сапат стандарттарына ылайык бүтүрүүгө чакырды. 
 Жыйынтыгында, канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштешин камсыздоого багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. 
Бул объект Кара-Суу шаарындагы саркынды сууларды тазалоонун эффективдүү системасын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртып, жагымдуу экологиялык чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.