22

Май

2023

Кара-Суу шаарындагы "Ж. Бөкөнбаев" атындагы эс алуу багы оңдолот


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу шаарындагы сейил бактын учурдагы абалы менен таанышты.
Парктын абалы менен таанышууда Эльчибек Джантаев шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерине солгун мамиле болуп жаткандыгын ушул парктын акыбалынан билсе болоорун жана балдар аянтчаларын жана эс алуу жайларына өз убагында көңүл бурулса ушундай көрүнүш болбостугун билдирди. 
КР Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү учурда жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты жана ылдамдыгы боюнча, ошондой эле келген коноктор, балдар үчүн бардык шарттарды эске алуу зарылдыгын жана долбоорду кылдат пландаштырып, ишке ашыруу талабын койду. Сейил бакты таза кармоого өзгөчө көңүл буруп, заманбап элементтерди колдонуу керектигин билдирди. 
 Ошондой эле паркты жакшыртуу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик менен жарандык коомдун активдүү кызматташуусу зарылдыгын белгиледи. Кара-Суу шаарындагы сейил бак шаардын бардык тургундары жана коноктору үчүн эң сонун эс алуу жана иш орундар менен камсыз кылган жайга айланат деген ишенимин билдирип, ийгилик каалады.