30
Май
2023
Таза суу долбоору
Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн районуна иш сапары менен барып, таза суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты.
Бул долбоор ЕБРР банкынын каржылоосунун негизинде Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Аке, Дөң-Булак айылдарын ичүүчү таза суу системаларын реоблитациялоо жана реконструкциялоого багытталган.
Иштин аткарылышы боюнча "Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын жетекчиси Жуманазар Калбаев маалымат берди.
Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү жабдуулар, анын ичинде экскватор, погрузчик, кран манипулятор, септиктерди тазалоо үчүн автоцистерна, техникалык тейлөө шаймандары, 2003 даана суу счетчиктери алынып, учурда иштер кызуу жүрүп жаткандыгын билдирди.
Эльчибек Джантаев бул долбоорду так жана өз убагында бүтүрүү, ошондой эле ар кандай тоскоолдуктарды болтурбоо үчүн алдын ала мүмкүн болгон көйгөйлөрдү кылдаттык менен көзөмөлдөө зарылдыгын айтты. Бул долбоор аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Иш процессинде жергиликтүү тургундардын пикирин эске алууга чакырып, жүрүп жаткан иштер туралуу маалыматты калкка жеткирип турууну сунуштады. Мындай мамиле түтүктөрдү төшөө үчүн казуу иштеринде түшүнбөстүктөрдү алдын аларын жана бул приоритеттүү долбоорду эң жакшы жыйынтыкка жеткирүүдө жергиликтүү тургундар түшүнүү менен мамиле кылаарын билдирди.
Долбоор боюнча иштер бекитилген графикке ылайык 2023-жылдын 1-мартында башталган.
Бүгүнкү күндө, Хлорлоочу имарат курулуп, 1500м3 эки даана резервуарлардын котлавандары казылып, монолит бетон куюлуп, суу түтүктөрү орнотулууда.