01
Июнь
2023
БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ
1-июнь Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата Кара-Суу районунда өткөн майрамдык иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышты.
Бул майрамдык иш-чарага Кара-Суу районунда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары жана Баткен окуясында катышкан жоокерлердин балдары катышты.
Балдарга эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулоо жана колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган иш-чара концерттик программа (таланттуу балдардын сүрөт көргөзмөсү, театрлаштырылган оюн-зоок, жомок) менен коштолду.
Ар бир балага оюнчуктар, балмуздак жана суусундуктар менен кошо белек баштыктары берилди.
Облус башчысы социалдык жардам алган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбызга өзгөчө мамиле кылууну, майрам күндөрү гана кабар албастан керектүү учурда ар тараптан колдоо керектигин тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө билдирди.
"Бүгүнкү 1-июнь майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун! Силерге ар дайым жарык маанай, бекем ден-соолук, чексиз бак-таалай каалайм. Жашооңордун ар бир мүнөтү, убактысы жомоктогудай кереметтүү жана шаттуу болсун. Жүзүңөрдөн жылмаю кетпесин, күлкүңөрдүн шыңгыр добушу эч качан өчпөсүн. Акылдуу, билимдүү, адептүү, чынчыл жана мекенчил болгула. Кандай тилек, максаттарыңар болсо кабыл болсун!", деп куттуктоо сөзүн айтып, балдарга кубаныч тартуулаган уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Эльчибек Джантаев ошондой эле Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан дүлөй балдар жатаканасынын атайын бала бакчасында тарбияланып жаткан бөбөктөрдөн кабар алып, майрамдык белек тапшырып, балдар менен биргеликте концерттик программага күбө болду.
Бул бала бакчада угуусу начар 60 бала жогорку квалификациялуу адистердин жардамы менен билим жана тарбия алышууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев балдардын укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ар бирибиздин аларга кандай шартта болбосун колдоо жана камкордук көрүү милдетибиз экендигин белгиледи.
"Балдар – биздин бактыбыз, келечегибиз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу.
Адептүү, акылдуу, билимге умтулган балдарды тарбиялоо үчүн мамлекет, ата-энелер, жалпы эле улуу муун аларды зордук-зомбулуктан, турмуштун ысык-суугунан коргоп, мээрим төгүп, туура жол көрсөтүп тарбиялашыбыз зарыл. Келечек ээлерин коргоп алуу – биздин милдетибиз экенди баарыбызга маалым.
Эң негизгиси, бул күн балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин дагы бир жолу биздин эсибизге сала турган күн.
Дагы бир жолу бүгүнкү майрамыңыздар кут болсун! Силерге ар дайым жарык маанай, бекем ден-соолук, чексиз бак-таалай каалайм" деп куттуктоо сөзүн айтып, белектерин тапшырды.
Жыйынтыгында атайын программаларга катышып жаткан балдардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын айтып, аларга жаркын келечек жана мындан аркы өнүгүүсүнө ийгиликтерди каалады.