06
Июнь
2023
Дени сак бала- өлкө келечеги!
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош облусунун Саламаттык сактоо координатору Т. Арстанкулов менен бирге Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы менен жеринен таанышты.
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы жалпысынан 540 койкага ылайыкталган, анын ичинде 16 клиникалык жана 13 көмөкчү бөлүмдөр бар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев “Онко-гематология”, “Шашылыш кабыл алуу”, “Магниттик резонанстык томаграфия”, “Кеңеш берүү жана дарт аныктоо”, “Ымыркайлар патологиясы” бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты.
Облус башчысы Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барган учурда “Дарт аныктоо” бөлүмүндө узун кезекти көрүп жана кезекте турган элдин көйгөйүн угуп, бул маселени тез арада чечүүнүн зарылдыгын билдирди.
Эльчибек Джантаев бул жагдай бейтаптарга, өзгөчө ар кандай оорулар менен келген балдарга терс кесепеттерин тийгизерин, ысыкта кичине бөлмөдө кезекке туруу ыңгайсыз гана эмес, алардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип, ушундай тыгыз байланышта болуу менен ар кандай оорулар бири бирине жугушу мүмкүндүгүн белгиледи.
Бейтаптардын күтүү убактысын кыскартуу жана бардык кезек күткөндөр үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу максатында "Дарт аныктоо" бөлүмдүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, кошумча бөлмөлөрдү, кошумча касса, кезек күтүү залын кеңейтип курууну жана ошондой эле оорукананын базасында 150 керебетке ылайыкташылган кошумча имараттын сметасын даярдоого сунуш берди.
Мындан сырткары 10 керебетке ылайыкташылган кардиохирургия бөлүмүн ачыгууга жана башка маселерге көмөк көрсөтүүсүн билдирди.
Жыйынтыгында, балдардын саламаттыгы жана бейпилдиги биринчи орунда экенин, алардын коопсуздугун жана медициналык жардамды жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгын белгилеп, медицина кызматкерлерине ийгилик каалады.