10

Июнь

2023

Жалпы ишембилик


Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана бардык райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери, облус тургундары мекеме ишканалардын жалпы жамааты менен биргеликте массалык ишембиликке чыгышты. 
Бул массалык иш-чара ар бир райондун негизги көчөлөрүндөгү, мекеме-ишканалардын жана туристтик аймактардын айланасындагы таштандыларды тазалап, облус тургундарына жана конокторуна жагымдуу шарт түзүү максатында өткөрүлдү. 
Туристтер үчүн эң мыкты жаратылышты жана тазалыкты көрсөтүүгө арналган жалпы ишембилик демилгесин колдоп, экологиябызды жакшыртууга салым кошкондорго ыразычылык билдиребиз. 
 Тазалыкты сактоо менен таза, кооз жаратылышты бирге түзө алабыз.