15
Июнь
Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө дыйкандарды колдоо максатында мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоочу заманбап кампа ачылды
Бүгүн Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоочу жаңы кампанын салтанаттуу ачылышы болду. Кампа муздаткычтын жети секциясы менен жабдылган, алардын сыйымдуулугу 2000 м3.
Бул маанилүү кадам Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн туруктуу өнүктүрүү жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Кампанын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул ишкананын дыйкан коомчулугу үчүн мааниси жана ийгилиги тууралуу ой бөлүштү. Ал өз сөзүндө Кыргызстан айыл чарбасы маанилүү орунду ээлеген өлкө экенин, бул багыт ар тараптуу колдоого алынып, дыйканчылыктын жана айыл чарба тармагынын ийгиликтүү өнүгүшүнө шарт түзүп жатканын баса белгиледи.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов сөз сүйлөп, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоочу кампанын ачылышы ушул аймактын айыл чарба тармагындагы олуттуу кадам болгонун белгилеп, эми дыйкандар өз продукциясын бузулуп калуудан коркпостон ишенимдүү өстүрүп, узак убакытка сактай алышат. Бул Кыргызстандын айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана экспортту кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөөрүн, дыйкандардын кирешелүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун баса белгиледи.
Мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоо үчүн кампа температураны жана нымдуулукту көзөмөлдөө боюнча заманбап технологиялардын аркасында азыктарды сактоо үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылат. Бул дыйкандарга өндүрүлгөн продукциянын жаңылыгын жана сапатын көпкө сактоого, ошондой эле аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Мындай кампа айыл чарба бизнесин өнүктүрүүнүн баалуу куралы болуп, аймактын экономикасынын өсүшүнө түрткү берет.